Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Лейлек районунда майрамдарга карата жол кирени көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

01.05.2022 16:24
638
Лейлек районунда майрамдарга карата жол кирени көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Лейлекте жол кире акыларын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Лейлек РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери биргеликте такси парктарга, автобекеттерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 

    Айт, арапа майрамдарга карата транспорт каттамдар жанданып, жеке такси кызматтар күнү-түнү иштеп жүргүнчүлөрдү ташууда. Исфана-Бишкек жеке маршруттук каттамдардын коопсуздугун текшерүү менен биргеликте айдоочулар жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.


     Лейлек район аймагында жеке такси кызматтарында жана коомдук транспорттук каттамдарда жол кире баасы туруктуу кармалууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн