Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Лейлек районунда милиция менен дарыгерлер мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

18.02.2022 12:09
983
Лейлек районунда милиция менен дарыгерлер мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Лейлекте милиция кызматкерлери менен дарыгерлер чогуу иш алып барууда.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек районунда балдар иштери менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо багытында лекцияларды окуп, мыйзамдагы көрсөтүлгөн беренелердин жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, медицина кызматкерлери жаш өспүрүмдүн ден соолугуна тамеки, насвай, энергетикалык суусундуктардын өмүргө кандай коркунуч алып келерин түшүндүрүп айтып беришти.


Лейлек РИИБнин начальнигинин демилгеси менен айрым мектептерде жаштарды терс көрүнүштөн арылтып, сергек жашоо тартуулаш үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жеңген командаларга Лейлек РИИБнин сыйлыктары тапшырылды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн