25-май акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматына өткөндүгүнө байланыштуу Лейлек район аймагында милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек район аймагында 62 орто мектеп бар. Бүтүрүүчүлөргө коюлган чектөөлөрдү туура кабыл алуусун түшүндүрүп коюлган эрежелерди сактоого чакырышты.
Бүтүрүүчүлөр автоунааларда кортеж болуп чыгып айланганга, тоолорго чыгып эс алууга тыюлар салынган.
Лейлек милициясы 3 мобилдик топко бөлүнүп коопсуздукту сактоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн