Лейлек райондук ички иштер бөлүмүндө жылдын мыктылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди
Баткен ОИИБнын жетекчилигинин катышуусунда Лейлек РИИБнин өздүк курамына жыл жыйынтыгын чыгарган жыйналыш болуп, 2021-жыл ичинде милиция кызматкерлеринин аткарган иштери кеңири талкууланды. Коомдук тартипти сактоодо, катталган кылмыштардын бетин ачуууда, кылмыштуулуктун алдын алууда өткөрүлгөн иш-мерчемдер өз убагында аткарылып, жыйынтыктар чыгарылды.
Коомдук тартипти камсыздоодо кызматында жетишкен ийгиликтери бааланып, өз кесибин мыкты аткаргандыгы үчүн милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын лейтенанты Н.Махкамов, бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү милициянын капитаны Ж.Кайымов, криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү милициянын майору Э.Баабеков жана тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты А.Ташполотовтор аныкталып, сыйлыктардын ээси болду.
Ошондой эле жыйындын соңунда Лейлек милициясы чогуу иштеген кесиптештери милициянын подполковниги Болотов Бактыбек, милициянын майору Маматкулов Аскарбек, милициянын капитаны Абдалиев Замирбек жана милициянын улук лейтенанты Саламов Женишбектерди ардактуу эс алууга узатышты.
Лейлек РИИБнин начальниги милициянын подполковниги Болот Кундузов майрам ээлерине ИИОдо өтөгөн кызматы үчүн ыраазычылык айтып, сый белектерди тапшырды. Чогуу иштеген кызматкерлери бекем ден соолук каалашып, ардактуу эс алууда сый-урматтын үстүндө болуусун тилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн