Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Лейлек районундагы чек арадагы айылда мамлекеттик туунун 30 жылдыгы белгиленди

03.03.2022 14:29
1229
Лейлек районундагы чек арадагы айылда мамлекеттик туунун 30 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Достук айылындагы мектептерде мамлекеттик желектин 30 жылдык майрамын белгиледи. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.


      Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылындагы "Достук" орто мектебинде ИИМдин кызматкерлери мамлекеттик желектин 30 жылдык майрамын белгилеп, мектеп окуучулары менен жолукту.


     Жолугушууда жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларга жол бербөөсүн, кылмыштуулуктун алдын алуусу, ошондой эле мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Азыр учурда мектеп окуучулары сабакка кош көңүл жасап, чөнтөк телефондордогу оюндарга азгырылып, же болбосо интернет клубдарда убактысын коротуп, кылмыштуулукка аралашып кеткендиктен, ИИМден келген өкүлдөр бул багыт боюнча да профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрүп, өздөрү даярдап келген видео тасманы көрсөтүп, талкууларды жүргүзүштү. Мектеп окуучулары тарабынан берилген суроолорго канааттандырарлык жоопторду беришип, мыйзам бузуудагы жаш өспүрүмдөрдүн жоопкерчиликтери боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришти. Ошондой эле сабагынан жетишип, мектепте үлгү болуп окуган окуучуларга өздөрүнүн белектерин үйлөрүнө алпарып тапшырып, ата-энелерине ыраазычылыктарын билдиришти.


     Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен облусунда 2022-жылдын 1-6-мартына чейинки аралыкта иш сапары менен болушуп, милициянын участкалык уполномоченныйлары жана балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча уюлдук сабактарды өтүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн