Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызмматы билдирди.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) барууда. Саат 10:30га карата Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.
Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн