Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат

26.08.2021 10:58
1223
Лейлек районунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат

Лейлек районунунда кыргыз-тажик биргелешкен кайгуулдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов менен Тажик республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов менен биргелешип сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Лейлек районунун Жаны-Жер айыл аймагы менен Тажик республикасынын Гафуров району менен чектешкен аймактарда, башкача айтканда эки мамлекетти бөлүп турган Худжанд-Канибадам автожолунун 7 км чейинки аралыкта милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар 24-августтан баштап жүрө баштады.


Эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында уюшулган кайгуулдар 2 маршрутта чыгып, эрте мененки саат 9.00 – 18.00гө чейинки аралыкта иш алып барышат. 


Лейлек районунун Арка-2, Борбордук айылдары Тажик республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун Хистоварс айылы менен чектешет. Бул аймактарда негизинен кылмыштуулуктун уурулук, автотранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу түрлөрү көп катталат. Уурулук негизинен чектеш аймактардагы дүкөндөрдөгү тамак-аш, буюмдардын уурдалуусу көйгөй жаратып келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн