Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Лейлекте кен иштетүүгө каршы чыккан 7 адам кармалды

09.08.2021 09:50
528
Лейлекте кен иштетүүгө каршы чыккан 7 адам кармалды

Лейлек районунда "Апрель" кенинин иштешине каршы чыккан элдин арасынан 7 адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, жол тосуудан кийин үч кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.


"4-августта алтын кен иштетүүчү ишканасынын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барганда Катраң айылынын жергиликтүү тургундары аларды ур-токмокко алышкан. Натыйжада 57, 48, 56 жана 57 жаштагы тургундар денесинен жаракат алып, Лейлек аймактык ооруканасына кайрылышкан.


Ошондой эле “Апрельское AZI” ишканасына таандык Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаасын талкалап, жараксыз абалга келтиришкен. Милиция кызматкерлери коомдукту тартипти камсыздоо, ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган учурда жыйналган эл милиция кызматкерлерине таш ыргытышып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушкан.


Бул жагдай Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 265-беренеси "жолдорду мыйзамсыз тосуу", 266-беренеси "ээнбаштык" жана 355-беренеси "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогорудагы беренелердин негизинде Лейлек районунун Катраң айылынын 7 тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми 6-август күнү саат 06:50 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолун, тагыраак айтканда, Лейлек районунун Коргон айылындагы жолду кармалган жарандарды бошотуу талабы менен Катраң айылынын 30-40ка жакын тургундары мыйзамсыз тосуп алышкан.


Кийин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен ОИИБинин начальниги жол тоскон элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кармалган 7 жаран Сүлүктү шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы үй камагы тандап алынып, бошотулган. Азыркы күндө тергөө иштери уланып жатат",- деп айтылат облустук милициянын маалыматында.


Эскерте кетсек, "Апрель" кенин иштетүүгө каршы Катраң айыл аймагынын эли буга чейин бир нече жолу бийликке нааразылыгын билдирип, кенди иштетүүгө каршы чыгып келген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн