Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:35
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Лейлекте жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды

25.12.2023 12:31
762
Лейлекте жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды


Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шектүү катары кармалган 63 жаштагы М.М. аттуу имам октябрда жашы жете электерге нике кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт райондук милиция тарабынан каттоого алынып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Облустук милициядан Лейлек районунун аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталгандыгын кошумчалашты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн