Лиз Трасс Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын башкаруучу Консервативдик партиянын 81 миң мүчөсү Трасска өз добушун берген.
Ал эми анын атаандашы, мурдагы Финансы министри Риши Сунак 60 миң добуш топтой алган.
Бүгүн, 6-сентябрда Лиз Трасс жана кызматтан кетип жаткан Борис Жонсон кызматты алмаштыруу үчүн ханыша Елизавета II менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн