Лувр музейиндеги тоноодон келтирилген зыян 88 млн евро деп бааланды. Бул тууралуу Интерфакс Париждин прокурору Лор Бекко билдиргенин жазды.
Маалыматта белгиленгендей, уурулар үч күн мурун Луврдагы "француз таажысынын асыл таштары" сакталган галереяга киришип, "баа жеткис маданий мурастын" сегиз даанасын уурдап кетишкен.
Уурулар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Франциянын маданият министри Луврдун коопсуздук системасы талаптагыдай иштегенин айтууда.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон музейдеги баалуу экспонаттар табылып, күнөөлүүлөр жоопко тартыла турганын белгиледи.
"Бул үчүн Париж прокуратурасынын жетекчилиги астында бардык чаралар көрүлүп жатат", - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн