Луврдагы Леонардо да Винчинин Мона Лизасына торттун бөлүгү ыргытылган. Бул туурлауу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, инвалиддик коляскада отурган адам картинага торттун бир бөлүгүн ыргыткан.
Белгиленгендей, шедевр коргоочу айнекте болгон, анын үстүндө кондитердик каймактын издери калган.
«Көрүүчүлөрдүн айтымында, сүрөткө парик кепка кийген адам торттун бөлүгүн ыргыткан. Кошумчалай кетсек, видеодо музейдин коопсуздук кызматкерлери окуянын күнөөкөрүн эшикке чейин кантип узатып жатканы көрсөтүлгөн. Ал майыптар коляскасынан тынч туруп кетип жатканы белгиленет», — деп айтылат билдирүүдө.
Ал киши жерди талкалап жаткандар бар деп кыйкырды.
«Ойлонгула... Бардык сүрөтчүлөр, Жер жөнүндө ойлонгула. Ошон үчүн мен муну жасадым. Биз планета жөнүндө ойлонушубуз керек», - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн