Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

MEGA`нын мамлекеттик 100 пайыз үлүшү 14,8 млрд сомго сатылды

12.10.2023 09:14
672
MEGA`нын мамлекеттик 100 пайыз үлүшү 14,8 млрд сомго сатылды


"Альфа Телеком" (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ "Альфа Телеком" ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн:

1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК;
2. "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК.

"Альфа Телеком" ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК жеңүүчү деп табылды, ал эң көп сумманы - 14 млрд 800 млн сомду сунуштаган.

Мамлекеттик пакеттин баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн