Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

ММК: Атамбаев, Акаев жана Асанов бийликти басып алууга шектелүүдө

14.09.2021 23:58
1198
ММК: Атамбаев, Акаев жана Асанов бийликти басып алууга шектелүүдө


Атамбаев, Акаев жана Асанов бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн. Бул тууралуу kaktus.media өз булактарына таянып билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы курал колдонуу менен бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча ишти каттоого алып, Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч колдонуу менен кулатууга аракет кылыган деп шектелүүдө.


Бул маалыматты Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов тастыктаган. Анын айтымында, К.Асановго "Күч менен бийликти басып алуу" беренеси коюлган.


"Иште Асанов менен бирге Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаев жана башка адамдар көрсөтүлүүдө. Учурда Асановдун үйүндө сот менен макулдашылбаган тинтүү иштери жүрүп жатат", - деди адвокат Айткулов.


Булак: kaktus.media

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн