Бештин айы 09, 2024
Убакыт: 00:41
USD
86.65
87.15
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.900

МСК: "Кара-Суу" базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат

29.11.2023 15:48
547
МСК: "Кара-Суу" базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат


"Кара-Суу" базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы митингге чыгышкан. Ага байланыштуу МСК төмөнкүлөрдү билдирет.

"Митингдин катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда нааразылык акциясы аяктап, анын бардык катышуучулары экономикалык өз иштерин улантышууда.

Белгилей кетсек, "Кара-Суу" СБКнын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттенмесинен бошотулушат.

Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге "Дордой" жана “Тураталы эл базары" (Кара-Суу) базарлары кирет.

Стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат.

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн