Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Маалыматты уурдаган журналисттерди кандай атаса болот?

23.12.2020 10:34
538
Маалыматты уурдаган журналисттерди кандай атаса болот?


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин кабарчылары чыгармачылык эргүү менен иштеп, изденип, тытынып, журналистиканын этикаларын сактоо менен коомду маалымат менен камсыздап жатат. Биздин кабарчылар башка булактын продукциясын алса сөзсүз аны белгилеп, башка кесиптештерибиздин эмгегине сый менен мамиле жасоодо.


Тилекке каршы журналисттер арасында уурулар көбөйдү. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги жарыялаган материалдарды үтүр-чекитине чейин өзгөртпөй көчүрүп оокат кылып жаткандар пайда болду. Эй бай болгурлар, жок дегенде маалыматтын булагын көрсөтүп койгулачы!


Айрым сайттар бизди эле аңдып калгандай. Материал чыгары менен көчүрүп, илип жатат. Мындай аракетиңерди токтотпосоңор кийинки жолу атыңарды ачык жазып, коом алдында уят кылабыз. Эң алгач өзүбүздү, андан кийин бири-бирибизди сыйлаганды үйрөнбөйлүбү?!

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Байзакова К
Pressa 24 ар дайым уурдайт. Жоопко тартуу керекпи?
Таа
Арам тамак деп атоо керек
Алтынбек
Уурдалган аш ашболбой,аш болсо да бай болбойт. Журналисттер уурдаганды токтоткула,ийне менен кудук казып маалымат издегиле...