Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 13:42
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.815
0.865

Маданий диалог. Бишкекте «Мурас. Наследие» эл аралык фестивалы старт алды

26.11.2024 10:40
19
Маданий диалог. Бишкекте «Мурас. Наследие» эл аралык фестивалы старт алды


2024-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Евразия эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Автономдуу коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен, «Фестиваль. Наследие» демилгелүү тобу тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Enactus Kyrgyzstan жана Компасс Колледж менен өнөктөштүктө өткөн «Мурас. Наследие» эл аралык фестивалы старт алды.


Фестивалдын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Мэрилин Йозефсон, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министринин орун басары Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековна, Азербайжандын элчилигинин консулу Шахин Искендеров, Кол өнөрчүлөр ассоциациясынын директору Жыпара Раимкулова, Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү фонду, диаспоралардын өкүлдөрү, дизайнерлер, экологиялык активисттер жана Кыргызстандагы 7 ЖОЖдун жаштар кыймылдары катышты.


«Мурас. Наследие» эл аралык фестивалы — маданияттар ортосундагы диалог үчүн уникалдуу көркөм аянтча болуп саналат.


Бул иш-чарада 8 өлкөдөн  келген элдик чыгармачылыктын мыктылары чогулуп, тажрыйба алмашып, өз билимин, тажрыйбасын муундарга тартуулайт. Алар өз өлкөлөрүнүн материалдык маданий мурастарынын ыкмаларын колдонуу экологияны коргоого кантип жардам берерин көрсөтүшөт.


Фестивалдын урааны — «Маданий мурастар аркылуу экологияны сактайбыз!» жана «Мурас муундарды байланыштырат».


Салтанаттуу бөлүктү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева ачып, Кыргыз элинин маданий мурасын жана салттарын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай иш-чаралар улуттук өзүн-өзү таанууну чыңдоого, Кыргызстандын бай тарыхына жана маданий баалуулуктарына көңүл бурууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.


«Фестиваль жаштарга өз тамырларын жана баалуулуктарын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип, муундар ортосундагы диалогду бекемдейт. Ошондой эле өлкөнүн маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга активдүү катышууга чакырам», — деди Роза Отунбаева.


АНО «Евразия» уюмунун Кыргызстан боюнча кеңешинин мүчөсү Алина Молдокееванын айтымында:


«Фестивалга катышкан ар бир адам мурастарды сактоого өз салымын кошуп, салттарыбызды өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган активдүү коомчулукту түзө алат. Бул фестиваль тарых менен келечекти байланыштырып, муундарды бириктирип, маданий диалогду өнүктүрүүгө шарт түзгөн көпүрө».


Фестивалдын программасына уникалдуу чеберлердин көргөзмөлөрү, салттуу кол өнөрчүлүктүн мастер-класстары, театрлык спектаклдер жана музыкалык иш-чаралар кирет. Айрыкча эксперименталдык форматтарга басым жасалып, алар маданий мурастар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.


Фестиваль эки күн бою өтүп, ар кандай иш-чараларды камтыйт: чеберлердин көргөзмөлөрү, эко-моданын көрсөтүүсү, салттуу кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана маданий программалар.


Фестивалдын негизги максаты — муундар ортосундагы диалогду чыңдоо жана экологияны маданий мурастар аркылуу сактоо!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн