Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Маданият кызматкери Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

09.08.2021 11:17
1082
Маданият кызматкери Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү



Бүгүн, 9- августта Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.


Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Искра Раимкулованын туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты. 


Кыргыз эл артисти Искра Раимкулованын сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлат.


Эске салсак, эл аритсти 2021-жылдын 8-августунда 84 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн