Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Маданият министрлиги драматургдар арасында республикалык сынак жарыялайт

23.10.2023 09:56
1763
Маданият министрлиги драматургдар арасында республикалык сынак жарыялайт


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги драматургдар арасында республикалык сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, сынак Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен биргеликте кыргыз театрларынын репертуарын жаңы көркөм туундулар аркылуу байытуу жана улуттук драматургияны стимулдаштыруу, өстүрүп-өнүктүрүү максатында жаңы жарыяланууда.

Жобого ылайык сынакка пьесаларды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин уланат.

"Сынакка мурда театрларда коюла элек жана "Алтын калем" жана башка ушул сыяктуу сынактарга катышпаган драмалык чыгармалар гана сунушталышы керек. Тема эркин жана жанрлары чектелбейт", - деп айтылат маалыматта.

Сынакка профессионал драматургдардан тартып пьеса жазууга дилгирленген баардык калемгерлер катыша алышат.

Толук маалымат алуу чн сурап-билүү номерлери: +996 (312) 661128, +996 (312) 661 128, 623 497, 0559 888 156 (WhatsApp), 0772 193 500 (WhatsApp), +996 553 188 193, +996 701 891 414.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн