Бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун "GOVORI. TV" редакциясына берген маалыматын четке какты.
Адахан Мадумаров өзүнүн маегинде: "РФ Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан жалпы 17 адам каза тапты . Кече 16 адам каза болуп, 3 жаран жабыркаган. Үчөөнүн бирөөсүнүн бүгүн көзү өтүп кетти. Ошондо жалпы 17 адам каза болду",- деп айткан.
ӨКМ Мадумаровдун айтканын четке какты.
"21-август күнү Орусиянын Ульяновск облусунун Николаев районундагы М5 - "УРАЛ" унаа жолунун 808 - 810 чакырымында 2 оор жүк ташуучу унаа жана "Мерседес" үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган.
КР Тышкы иштер министрлигинин такталган маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен каза болгон 16 жарандын 14ү Кыргызстандын жарандары.
Ошондой эле 3 адам жаракат алып, алар Николаев райондук ооруканага жеткирилген. Учурда 2 жаран жалпы палатага которулуп, 1 жаран жандандыруу бөлүмүндө",- деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн