“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоодо Садыр Жапаров менен бирикпейт. Бул тууралуу ал Москвада өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анда журналисттер Жапаров менен тандемга баруу (бири президент, бири премьер-министр) тууралуу пикирин сураган. “Мындай келишим мүмкүн эмес. Премьер-министрди парламент тандайт. Конституцияда өкмөт башчыны ким шайлай турганы так жазылган”, - дейт ал.
Пикирлер (2)