Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз берилди

06.09.2023 14:12
231
Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз берилди


Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу маалымат жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова билдирди.

"Азыр анын саламаттыгына байланыштуу маселе бар. Мадумаров бир камерада үч киши менен отурат, ага таза аба жетпей жатат. Ал саламаттыгына байланыштуу сейилдеп, жөө басып турушу керек", - деди ал.

ЭСке салсак, 2-сентябрда Бишкекте  “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кетишкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн