Бугу 01, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Мадумаров иши. Өмүрбек Текебаев: Эгер адилеттүүлүк болсо, Нурлан Сулаймановго да кылмыш иши ачылышы керек (видео)

20.01.2022 17:37
1593
Мадумаров иши. Өмүрбек Текебаев: Эгер адилеттүүлүк болсо, Нурлан Сулаймановго да кылмыш иши ачылышы керек (видео)


Саясатчы Өмүрбек Текебаев ЖК депутаты Адахан Мадумаровдун суракка чакырылышынын канчалык деңгээлде мыйзамдуулуугу тууралуу пикирин видео кайрылуу аркылуу билдирди.


Анын айтымында, 2009-жылы кол коюлган протокол азыркы мыйзам боюнча каралбайт, башкача айтканда 10 жыл мурун болгон кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлбөйт.


"Мадумаровдун 10 жыл мурда болгон окуя менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамсыз. Мен бул аракеттерди саясий куугунтуктоонун түрү катары баалайм. Протокол боюнча документтер кийин иштелип чыгып, ага ошол кездеги Транспорт министри Нурлан Сулайманов Ош шаарында болуп өткөн эки тараптын жолугушуусунда кол койгон. Адилеттүүлүк үчүн өкмөт аралык келишимге кол койгон Сулаймановго да кылмыш иши козголушу керек", - деп билдирди Текебаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн