Бүгүн, 10-майда“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болду.
УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.
Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдады.
УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, анын бөгөт чарасын сот аныктай турганын билдирди.
Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн