Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мал уурулуктун алдын алуу максатында милициянын посту ачылды

23.05.2022 10:56
795
Мал уурулуктун алдын алуу максатында милициянын посту ачылды

Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, убактылуу пост жай мезгилинде Түп жана Ак-Суу райондорунун көптөгөн малчылары Каркыранын жайлоосуна көчө баштагандыгына байланыштуу ачылды.


Белгилей кетсек, мал уурулук фактыларын болтурбоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана жол бербөө максатында жыл сайын Түп районунун «Башарын» участкасында милициянын убактылуу постунун иш уюштурулуп келет. Аталган постто бекитилген график боюнча Түп жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.


Облустук милициядан белгилешкендей, Каркыра жайлоосунун жалпы аянты 25 миң гектарды түзөт, жылына жай мезгилинде анын жайыттарында болжол менен элдердин 40 миң бодо малы, 30 миң жылкысы жана 80 миң майда мүйүздү малдары багылып келет. Учурда эки райондун тургундарынын малын келишимдик негизде багып жаткан малчылар эмитен көчүп келип отурукташып жатышат. Жакынкы жумада малчылардын жана үй жаныбарларынын негизги бөлүгүнүн жайлоого көчүсүү күтүлүүдө. Негизинен, милициянын убактылуу постунда оперативдүү кызматтын кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү кызмат өтөшөт. Апта сайын аларды башка кызматкерлер алмаштырып турушат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн