Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Мамкурулушта япониялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

23.10.2024 10:02
82
Мамкурулушта япониялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде Япония мамлекетинен келген AERO ASAHI CORPORATION (Аэро Асахи Корпорейшн) компаниясынын өкүлдөрү менен жоолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Б.Станбеков, Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.Кангелдиева, департаменттин директорунун орун басарлары жана башка тийиштүү өкүлдөр катышты.

Жоолугушуунун жүрүшүндө япониялык компаниясы менен аэрофото сүрөткө тартуу, картага түшүрүү, ISS, UAV, инфраструктураны тейлөө үчүн 3D чекит булут, деңиз картасын түзүү, шаардык объектилерди башкаруу, коомдук мүлктү эксплуатациялоо жана сактоо, ГИС кызматтары жана алдыдагы кызматташуу жөнүндө бир нече маселелер талкууланды.

Жолугушуунун соңунда аталган компания менен кызматташуу чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн