Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:54
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамлекет кайсы бир аскердик техниканын колдонулганы-колдонулбаганы тууралуу маалыматтарга комментарий бербей эле койгону оң

28.01.2022 16:40
3317
Мамлекет кайсы бир аскердик техниканын колдонулганы-колдонулбаганы тууралуу маалыматтарга комментарий бербей эле койгону оң


Маалымат согушунда каршылаш тараптын кылмыштарын ашкерелеген далилдер чоң мааниге ээ. Азыр жарандык коом менен мамлекет ошол багытта өз ара кызматташа турган жөнү бар. Бийликтин акылы болсо өткөндөгүдөй кылып активисттердин эмгегин талаага кетирбей, көзүр катары топтой бериш керек. Эгерде Эл аралык сотко берүүгө далилдер жетиштүү болсо, аны баштай берүү зарыл. 


Бирок андан да маанилүү нерсени эстен чыгарганга болбойт. Ал - мамлекеттин өзүнүн маалымат коопсуздугу. 


Мамлекет мындан ары кайсы бир аскердик техниканын колдонулганы-колдонулбаганы тууралуу маалыматтарга комментарий бербей эле койгону оң. Каршылаш тараптын бул тууралуу маалыматтарын танып да, ырастап да кереги жок. Танса да, ырастаса да сөз көбөйүп кетет. Эч кандай комментарий бербей коюу жетиштүү. Мисалы, Израил мамлекети эмне колдонсо да эч кандай комментарий бербейт. Бирок каалашынча колдоно берет. 


Андыктан биз да зарылчылыгына жараша каршылаш тараптын каражаттарын жок кылыш үчүн колдо болгон техниканын баарын колдоно беришибиз керек. Ар кандай комбинацияда колдонулса андан бетер жакшы. Бирок ага эч кандай комментарий бергенге болбойт. Бизде эмне бар экени, эмне колдонулганы, качан колдонулары, кантип колдонулары каршылаш тарап үчүн толук бүдөмүк бойдон калганы оң. 


Дегеле кайсы бир аскердик техниканы колдонууда анын укуктук жагы, дипломатиядагы ролу эмес, натыйжалуулугу маанилүү. Душманга каршы натыйжалуу иштедиби - эмне иштегени, кантип иштегени айырмасы жок. Эң негизгиси иштесе болду. 


Андыктан жарандык коом мамлекеттен талап кыла турган нерсе - аскердик аракеттердин чоо-жайы эмес, алардын натыйжасы. Эгерде коңшулардын мизи толук майтарылып, аргасыздан артка чегинип, аскердик жоготуулары биздикинен алда канча көп болсо - натыйжа ошол. 


"Мамлекеттик коопсуздук - мактанычтын предмети эмес" экенин илгери эле жазганбыз. Азыр да сабак алууга кеч эмес. Курал-жарак, аскердик техника сатып алуу боюнча операциялардын баарын өтө ар түрдүү тараптар менен ишке ашырып, мындан ары аларды бири-бирине айтпай толук жашыруун жүргүзүү зарыл экени көрүнүп калды.


Жыргалбек Касаболот, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн