Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттыгына талапкер Кубанычбек Кожоев Москвадагы Кара-Суу коомунун айыл өкмөттөр лидерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Россиядагы элибиздин бүгүнкү акыбалы, көйгөлүү маселелери, эртеңки келечеги жөнүндө кеңири баарлаштык. Карасуулук бир туугандарымдын жетишкендиктери, өз айылдарын өнүктүрүп жаткандыктары, кечээ жакында жабыркаган Баткен элине бир нече миллион рубль жардам жөнөткөнү мактоого татыктуу.
Карасуу коомунун активистери Жалпы Россиядагы кыргыздардын өнүгүүсүн кубаттап, алдыда боло турган МамДумага шайлоодо, улутубуздун намысы үчүн бардык күч аракеттерин жумшап, колдоо көрсөтөрүн билдиришти.
Мен духу, руху күчтүү кыргыз элим менен сыймыктанам! Буюруса, Россиядагы көп улуттардын арасында, биз биримдиктүү, өнүккөн этностордун бири болобуз!",- деп билдирди Кожоев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн