Акыйкатчы институнун кызматкерлери УКМКнын СИЗОсунда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан Марат Казакпаевден кабар алды.
Укук коргоочулар 31-май күнү андан кабар алган. Ал өзүнүн ден соолугу боюнча даттанган.
Андан сырткары саясат таануучу аны кармаган күндөн бери эч кандай тергөө иштери жүрбөй жатканын жана ал тергөөчүнүн аты-жөнүн да билбей турганын айткан.
Казакпаев УКМКнын кызматкерлерине даттанып, аны СИЗО-1ге которобуз деп коркутушканын кошумчалаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн