Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мамлекеттик катчы чек арадагы абалга байланыштуу социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөткөн блогерлерге ыраазычылык билдирди

20.09.2022 14:15
797
Мамлекеттик катчы чек арадагы абалга байланыштуу социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөткөн блогерлерге ыраазычылык билдирди



Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларда социалдык тармакта активдүүлүгүн көрсөткөн блогерлерге ызаарычылык билдирдирди.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.


Мамлекеттик катчынын сөзү: 


“Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт элибизде. Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу чыр-чатакты, баскынчылардын биздин жерибизге басып киришин туура, так, ыкчам жеткирүүдө опол тоодой эмгек кылып жатасыңар. Азаматсыңар!

Заман шартына ылайык, ок атышуу токтогондон кийин маалыматтык согуш башталды. Мына ошол маалымат айдыңындагы согушта биздин элибизге каршы фейк аккаунттар аркылуу чындыкка коошпогон маалыматтарга чыгып жатат. 

Дал ушул жагдайга Атай Бейшенбек, Самат Дөөлөтбаков, Назира Айтбекова, Канышай Мамыркулова, Самара Каримова, Акимхан Рахватов, Азамат Арыков, Азамат Исмаилов, Мурат Соорбеков, Тынчтык Алтымыш уулу, Айзада Жамгырчиева, Рася, Актан, Али Токтакунов, Эдил Касенов, Адилет Ногойбаев, Растислав Ященко жана башка бир топ блогерлерибиз маалыматтык согуштун алдыңкы сабында күрөшүп жатышат. 

Сөздүн күчүн эске алганыбызда, маалыматтык согушта тикесинен тик туруп, чындыкты чыркырап, белдүү, жигердүү иш алпарып жаткан бул уул-кыздарыбызга ыраазычылык билдирем.

Кайратыңардан жазбай, калемиңерди улам бүлөп, эл-жерибиздин кызыкчылыгы үчүн кадамыңардан жазбагыла. Алга, кыргыздын чыныгы атуулдары!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн