Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек.
Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн