Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2019-жылы бюджетке 2,4 млрд. сом төккөн

31.01.2020 16:00
711
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2019-жылы бюджетке 2,4 млрд. сом төккөн


Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алып, мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшүнөн маалымат алды.

Жылдызбек Исакулов ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыкканын, 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционун киргизүү, 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалганын билдирди.

2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

Жылдызбек Исакуловдун айтымында,  мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо максатында объекттерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси ачылган, бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат.

Мындан тышкары бардык акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды электрондук отчеттуулукка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканы, мекеменин жаңы сайты иштелип чыгып, анда мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун финансылык ишмердүүлүгү, кирешелери жана чыгашалары тууралуу толук маалымат камтылганы белгилүү болду.

Быйыл “ Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтарып алуу иштери улантылат

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу ММБФнын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын баса белгиледи. Бул системаны өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин көрсөттү.

Ошондой эле калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн бардык тармактарда «Бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү милдети актуалдуу болуп саналат.

Мамлекеттик компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ММБФ менен маалыматтык жана автоматташтырылган өз ара байланыш системасын киргизип, алардын ишин координациялоону күчөтүү зарыл.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн