Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн киреше үч эсеге көбөйдү

09.06.2020 09:22
1034
Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн киреше үч эсеге көбөйдү


2015-жылга салыштырмалуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер дээрлик үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исагулов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 550 млн сомду түзөөрү күтүлүүдө. Бул башта бекитилген пландан 50 млн сомго ашыкча.

Ал бүгүнкү күндө 33 акционердик коом менен 104 мамлекеттик ишкананын отчетторун электрондук форматка которуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бардык каржылык-экономикалык ишмердүүлүктөрү фонддун сайтында жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары, мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо боюнча автоматташтыруу процесси улантылып жатат. Бул этапта мамлекеттик мүлктүн миңден ашуун объектисин инвентаризациялоо пландаштырылууда.

Фонд төрагасы санариптештирүү боюнча иштер фонддун ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилиши керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик компаниялардын жетекчилери заманбап санарип технологияларды киргизүү жана «Түндүк» тутумуна кошулуу менен ишмердүүлүктү оптималдаштыруу жана сапатын көтөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек.

Мамлекет башчысы мамлекеттик компаниялардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүн автоматташтыруу алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын арттырууга өбөлгө болорун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кризистик абалды эске алуу менен мамлекеттик мүлктөрдүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча иш алпаруу, менчиктештирүү менен катар эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктөрдү ишенимдүү башкаруу жана башка функцияларын аутсорсингге берүү механизмдерин киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн