Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жаңы холдинг түзүүнү көздөөдө

01.08.2022 10:54
1265
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жаңы холдинг түзүүнү көздөөдө


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Аманат» Улуттук холдинг компаниясы» ААК түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу журналисттерге анын жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.


Анын айтымында, холдингге бир нече ири акционердик коомдор кирет.


Ал кошумчалагандай, «Аманатты» ММБФ алкагында түзүү пландаштырылууда, анын курамына 16 ачык акционердик коом, анын ичинде «Кыргызалтын», «Нефтегаз», «Манас» эл аралык аэропорту» ААК, айрым банктар жана башка ишканалар кирет.


Мирлан Бакиров белгилегендей, бул холдинг мурда түзүлгөндөрдөн өзгөчөлөнөт. «Аманат» долбоорун ири жана кирешелүү компаниялардын базасында ачык акционердик коом түрүндө ишке ашыруу пландалууда.


Ал бул улуттук холдингдин уставдык капиталын 100 миллион сомго баалайт.


Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин айтымында, «Аманаттын» негизги милдеттеринин бири - мамлекеттин катышуусу менен жергиликтүү компаниялардын эл аралык фондулук рынокко (IPO) чыгуусу.


Демилге азырынча министрлер кабинетинде каралып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн