Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Чүй облусунун тургундары менен жолугушуусу аяктады

05.08.2022 18:53
487
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Чүй облусунун тургундары менен жолугушуусу аяктады

КР мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады, ага жалпысынан облустун 2 миңден ашуун тургуну катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурору Курманкул Зулушев Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бул жолугушуулар КР президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эки райондун тургундары жерди пайдалануу жана суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин көтөрүштү.

Эске салсак, буга чейин Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөн.

Белгилей кетсек, калк менен бул сыяктуу жолугушуулар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн