Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет, - Өкмөт

27.06.2020 15:31
989
Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет, - Өкмөт

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2019-жылдагы жана үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтты.

Анын пикиринде, бул жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоого карай багытталган кадам болуп саналат.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр атамекендик өндүрүүчүлөр үчүн көбүрөөк мүмкүндүк ачууга шарт түзөт. Көптөгөн товарлар жана тейлөөлөр чет өлкөдөн тапшырык аркылуу алынбастан, биздин өлкөдө сатылып алынат. Мурда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда импорттук товарлардын көлөмү көп болгон. Учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр утушка ээ болушмакчы», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттардын 70% жакыны башка өлкөлөргө кетип тургандыгына бурду.

«Жыл сайын жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 60-70 млрд сомду түзөт. Анын ичинен болгону 30% гана жергиликтүү компаниялардын үлүшүнө туура келет. Бирок тескеричинче болушу керек. Чет элдик компаниялар атамекендик компаниялар тийиштүү тейлөөнү, же жумушчу күчүн сунуштай албаган учурда гана тартылышы керек. Биз мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы абалды өзгөртүүгө умтулуудабыз», - деп жыйынтыктады өкмөт башчы. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуу процедураларынын ачык-айкындыгын жакшыртуу жана аны өркүндөтүүнүн механизмдерин тыкыр карап чыгып, мамлекеттик сатып алуулар тутумун толук талдоого алуу милдетин койду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн