Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 14:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Манас Осмон, журналист: “Коомчулук мугалимди барктабай жатканы жашыруун деле эмес”

12.11.2024 10:28
650
Манас Осмон, журналист: “Коомчулук мугалимди барктабай жатканы жашыруун деле эмес”


- Мугалимди урушкан аялдын видеосу тарап, көптөрдүн нааразычылыгын жаратты. “Коом мугалимдерди барктай албай жатат. Билим берүү тармагында кайдыгерликтин саясаты басымдуулук кылууда” деген ойлорун айтууда. Бул боюнча эмне дейт элеңиз?


- Деградацияга учурап бараткан коомдун белгиси ушундай. Билими жок, окубайт, ишенген жана жашаган дини жөнүндө маалыматы жок, үстүртөн билет, анысы да бүт жаңылыш. Бир нерсе айтсаң укпайт, түшүндүрсөң түшүнбөйт. Бул окуя боюнча билим берүү министрлиги эң ириде, мугалимин коргош керек. А иш жүзүндө коргобойт, калп эле ушундай окуялар боюнча капачылыгын билдирип коёт. Ал эми коомчулук мугалимди барктабай жатканы жашыруун деле эмес.  


- Мугалимди окуучулардын көзүнчө урушуп, ыйлаткан аялдын аракетине кандай баа бересиз, аны кандай жол менен тартипке чакырып же жазалаш керек?


- Өлкөнүн укук коргоо органдары бар, териштирип, күнөөлүүнү жазалабаса, мындай окуялар дагы деле улана берет.


- Жоолукчандын ажаандыгы “ыйман жолундагыларга” көө жапкан жокпу?


- Жоолук салынгандар анын жоопкерчилигин кошо алып жүрүшү керек. Айрым кыздар жөн эле мода үчүн салынып алышып, ар кандай иштерди кылышат экен. Анан коом жалпы мусулмандарды жек көрүп атат да. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн