Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

«Манас» аэропорту Сокулуктагы ооруканага жардам көрсөттү

30.10.2020 16:59
550
«Манас» аэропорту Сокулуктагы ооруканага жардам көрсөттү


«Манас» эл аралык аэропорту» ААКы аймактык ооруканага жана Сокулук районунун Үй-бүлөлүк медициналык борборуна COVID-19га каршы күрөшүү үчүн материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык жабдык жана жеке коргоо каражаттарын сатып алууда көмөк көрсөтүлдү:


-керебеттин жанындагы мониторлор – 2 даана

- кычкылтек концентраторлору – 3 даана

- жеке коргонуу каражаттары – 55 даана


Маалымдама: өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал курчуган учурда Сокулук районунун аймагында COVID-19 жана пневмония менен ооругандар үчүн 379 койка-орунга 29 күндүзгү стационар ачылган. Бар болгон маалымат боюнча, 2020-жылдын июль айына карата күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 10 миңден ашык адам меджардам алууга кайрылган; Сокулук районунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны 3 800 адамды түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн