Манасчы Дөөлөт Сыдыков дүйнөлүк рекорддор китеби болгон Гиннеске киргени жатат.
Ал бүгүн борбордук аянтта тынымсыз Манас айтууну баштады. Уюштуруучуладын айтымында Сыдыков эч кандай дем алышсыз Манас айтууну улантат.
Манасчы 14 саат токтоосуз Манас айтууну максат кылууда. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Дөөлөт Сыдыковго бекем эрк каалайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн