Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мандатынан ажыратылган эл өкүлдөрү сотко кайрылышты

11.07.2023 17:47
385
Мандатынан ажыратылган эл өкүлдөрү сотко кайрылышты


Жогорку Кеңештеги "Ата Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракцияларынын депутаттары, жасалма дипломдон улам депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Бишкектин административдик сотуна кайрылышты. Бул тууралуу соттон билдиришти.


Доо арызында алар БШКнын жогорку билими тууралуу жасалма дипломдун негизинде депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин жараксыз деп таанууну суранышат.


Отурум 17-июлга белгиленди.


Белгиленгендей, мыйзамга ылайык, шайлоодон тышкаркы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгуу үчүн катуу мөөнөттөр жок. Бул партиялардын тизмесинде 2021-жылдагы шайлоодо добуштардын саны боюнча кийинки турган талапкерлер мандат алгандан кийин да бардык инстанциядагы соттор Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун айткандарын колдосо, БШКнын чечими жокко чыгарылат.


Эскерте кетсек, 6-июлда БШКнын комиссиясы жасалма дипломго байланыштуу эки эл өкүлүнүн депутаттык мандатын алуу чечимине келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн