Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Марат Аманкулов: Биздин муун согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууга жоопкер

09.05.2020 11:14
1934
Марат Аманкулов: Биздин муун согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууга жоопкер


“Биримдик” саясий партиясынын төрагасы Марат Аманкулов кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси менен куттуктады.


Анда мындай деп айтылат:

 

“Жалпы элдик улуу майрам – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыздар.


9-май – ар бирибиз үчүн ыйык күн. Улуу Жеңиштин күнү оңойго турган жок, миллиондогон өмүрлөр кыйылып, адам каны суудай акты, оор эмгектен бел майышып, азап менен тозоктон баш чыккан жок. Бул майрамда биздин өлкөнүн тарыхы, ар бир үйдөгү жоготуулардын кайгысы камтылган.

 

Биз ушул Улуу Жеңиштин мураскерлерибиз, ушул Жеңишке жеткирген биримдиктин мураскерлерибиз! Тилекке каршы, ошол кандуу согуштун отун кечкендер, аны эсине сактап калгандардардын катары барган сайын азайып баратат. Ошондуктан биздин бүгүнкү милдет - ошол каардуу жылдар, тирүү калган жана өмүрүн берген баатырлар туурасындагы тарыхый чындыкты сактап калуу.

 

Биздин муун согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууга жоопкер! Фашизмди жеңүү үчүн өз өмүрүн бергендердин жаркын элеси унутулбайт!


Кымбаттуу достор!

 

Башыбыздан канчалык кыйынчылыктар өтпөсүн, ошол согуш кайталанбасы үчүн биз биримдикти, ынтымакты жана духубуздун күчтүүлүгүн сакташыбыз керек. Эң оор, кыйын мезгилдерде да аталардын эрдигин унутпай, ар кандай кыйынчылыктарды жеңе билүүгө тийишпиз. Ошону менен балдарыбызга, неберелерибизге үлгү көрсөтүшүбүз керек!


Биз унутпаганды алар билүүгө тийиш! Асманыңар дайыма ачык болсун. Жеңиш күнү кут болсун!"

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Асель Толонбековна
Саламатсыздарбы. Ооба, Ата бабабыздын эрдигин эч качан унутпашыбыз керек. Биздин Ветерандарга таазим. Биздин ушундай жаркыраган заманды белек кылганыныздарга чон рахмат. Кыргыз элин 9 май Жениш Куну менен чын журоктон куттуктайм
Мирлан
Марат Аскерович, чоң рахмат! Биздин ата бабаларыбыздын эрдиги эч убакта унутулбаш керек!
Руслан Асылбеков
9-май жениш кунубуз менен куттуктайбыз! бул 2-чи дуйнолук согуш адамзаттагы эн каардуу,катаал,зор жоготууга алып келген согуш болду.Анын ичинен эн оору Улуу Ата Мекендик согуш.Эрдик,кайраттуулук,биримдик жана катуу тартип менен жениш алып келишкен биздин аталарыбызга таазим
Бактыгул уулу Айшар
Мен кошулам бул кунду эч ким унутпайт с праздником 9 мая