Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Марат Иманкулов: Чек арадагы такталбаган аймак кол салууга себеп болбошу керек

21.09.2022 10:13
340
Марат Иманкулов: Чек арадагы такталбаган аймак кол салууга себеп болбошу керек

Чек арадагы такталбаган аймак кол салууга себеп болбошу керек. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов УТРКнын эфиринде билдирди.


Анын айтымында, чек ара маселеси бир гана сүйлөшүү жолу менен чечилет.


"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы такталбаган чек ара бир гана сүйлөшүү жолу менен гана чечилет. 

Такталбай калган аймакты басып алуу менен, жай жана аскер кызматкерлерин өлтүрүү менен маселе чечилбейт.


Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш бүгүн чыккан жок. СССР тарагандан бери жаңжал чыгып турат.

Кыргызстан чек араны бир гана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулат",- деди Иманкулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн