Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 17:52
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Марат Иманкулов Кытайдын ТИМинин атайын өкүлү Чэн Гопин менен жолугушту

15.10.2021 19:46
1099
Марат Иманкулов Кытайдын ТИМинин атайын өкүлү Чэн Гопин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 15-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү.


Регионалдык коопсуздуктун актуалдуу проблемалары, анын ичинде Афганстандагы жагдайга байланыштуу, ошондой эле терроризмге, сепаратизмге жана экстремизге алардын бардык көрүнүштөрүнө жана киберкоопсуздук тармагындагы коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.


Тараптар ведомство аралык регион аралык «Кыргыз Республикасы менен КЭР СУАР ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог» кызматташтыктын механизмин мындан ары өнүгүүсүн талкуулашты.


Марат Иманкулов, коронавирустун пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүнүн бардык өңүттөрү боюнча эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун ортосунда достук, динамикалуу, пландык жана максатталган иштиктүү контакттар уланып жатканын белгиледи.


Өз кезегинде Чэн Гопин КЭР СУАР менен Кыргызстандын ортосунда регионалдык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ынак коңшулаштыктын өз ара алакаларын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар өлкөлөрдүн достук мамилесин чыңдоого жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттырууга болгон күч аракеттерин жумшаарын билдиришти.


Иш-чарага ошондой эле КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь да катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн