Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:14:51
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Марат Иманкулов: Тажик тарап биринчи ок атканы тууралуу бардык далилдер бар

19.09.2022 16:55
605
Марат Иманкулов: Тажик тарап биринчи ок атканы тууралуу бардык далилдер бар

Тажик тараптын биринчи ок атканы жана масштабдуу түрдө Кыргызстандын аймагына өткөнү тууралуу бардык далил аудио, видео материалдар бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.


Анын айтымында, тажик тарап кыргыз чек ара заставасын курчоого алган.


“Курчоого калган кыргыз чек ара заставасындагы 14 жоокерибиз тирүү болуп, алтоо шейит кеткени боюнча бүгүн маалымат алдык”, - дейт ал.


Иманкулов маалымдагандай, Баткендеги көптөгөн объектилер талкаланып, өрттөндү.


“Жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн таштап кеткенден кийин Тажикстандын жарандары: сакалчан, колдорунда куралы бар, жарандык кийимчен адамдар келип, үйлөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоношкан. Мунун баары катталды. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн