Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:11
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Марат Иманкулов: "Талибан" Кыргызстанга зыян тийгизбеши үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт

19.08.2021 09:29
555
Марат Иманкулов: "Талибан" Кыргызстанга зыян тийгизбеши үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт

"Талибан" Кыргызстанга зыян тийгизбеши үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов "Азаттык" радиосунун эфиринде билдирди.


Анын айтымында, талибандар Кыргызстанда коркунуч жаратпайт.


"Кээ бир эси жоктор “Талибдер бийликти жеңил эле алып алды. Биз да ушундай кылабыз” деп шыктанышы мүмкүн. Биз андайга жол бербейбиз. Биз мыйзамдуу демократиялык мамлекетпиз. Мамлекеттик органдар ички да, тышкы да маселелерди кылдат изилдеп жатат. Жакында эле жаңы Конституция кабыл алдык, эл жаңы мамлекет башчысын шайлап алды. Биз светтик, демократиялык, мыйзамдуу мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна жол бербейбиз. Андай чоң коркунуч деле жок. Бирин-серин топтор кармалып жатат, бирок кылдат изилдеп турабыз. “Талибан” бул жакка келбей турганын айтууда, бирок Ооганстанда ошолордун жанында жүргөн, лагерь түзүп алган башка да террордук уюмдар жатышат, баягыдай эле машыгуу жүргүзүп жүрүшөт",- деди Иманкулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн