Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Маратбек БАКИЕВ: “Кыргызстанга 2014-жылы эле келгем”

25.06.2024 19:13
7240
Маратбек БАКИЕВ: “Кыргызстанга 2014-жылы эле келгем”


Бишкектеги сейил бактардын биринен кадимки Маратбек Бакиевди кезиктирип калдым. Жакында эле сайттардын бирине мурдагы Башпрокурор Байтемир Ибраев “Бакиевдин инилери мурда эле келип жашап жатат”-деп маек бергенин окудум эле. Журналисттик адатыма салып, ал киши менен кыска маектешип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан айрым суроолорду узатканга үлгүрдүм.  


-  Айрым маалымат каражаттары бир тууган Бакиевдер Кыргызстанда жашап жатканын жазып чыгышты. Минтип сизди сейил бактан жолуктуруп отурам. Мүмкүн болсо кайсы бир туугандарыңыз качан келгениңиздерди айтып коёсузбу?


-  Мен Кыргызстанга биринчи жолу 2014-жылдын аягында келгем. Мага козголгон кылмыш иши жок болчу. Издөөдө болгон эмесмин. Мен кылмыш кылбасам эмне үчүн качып жүрүшүм керек? Агам Курманбек Салиевич бийликте турганда деле анын  иштерине кийлигишпедим. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрдүм. Азыркы маалда биртууган биртууганга эмес, ата балага, бала атага жооп бербей турган заман. Күнөөлүү деген биртуугандарымдын асты өмүр бою, арты 30 жылга соттолушуп, жазага тартылышты. Эми ага тарых өз баасын берет. Адыл акем дагы 2016-жылдан бери Кыргызстанга келип кетип эле жүргөн. Каныбек акеме болсо соттун чечими айып пул төлөсүн деп чыккан. Айып пулду төлөдү, келди. Үчөөбүз келгенбиз. Башкалары келе алышпайт. Аларга күчүнө кирген соттун өкүмдөрү турат. Ар кимибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз. Эч кандай саясатка аралашкан жокпуз жана аралашпайбыз. 


-  Сиздер келген маалда тиешелүү органдар суракка чакырышкан жок беле? 


-  Биринчи жолу келгенде мени Жалал-Абаддын Ички Иштер Башкармалыгына чакырып беседа кылышкан. Саясатка аралашпай тынч жүрүңүз деп кайра коё беришкен. Адыл акем менен Каныбек акемди чакырыштыбы, жокпу билбейм. Өздөрүнөн сурап алыңыздар.


Маектешкен: Алмазбек ЧЕРБЕКОВ, эркин журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн