Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Марипов Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти менен жолугушту

05.07.2021 19:13
807
Марипов Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми Кыргыз Республикасынын жана Азия Паралимпиадалык комитетинин кызматташуусу жана өз-ара аракеттенүүсү маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Марипов белгилегендей, республикада 77 спорт федерациясы иштейт, анын катарында Паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар.


Анын айтымында, кабыл алынган «Спорт Кыргызстан» программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде келечектүү паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде мындай 7 топ жана коомдук башталыштагы 6 топ ачылган.


Паралимпиадалык комитеттин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми белгилегендей, уюм Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долборду ишке ашырууга кызыкдар.


Анын айтымында, долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал.


Улукбек Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн