Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 09:40
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Марипов Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын ишин тездетүү боюнча тапшырма берди

06.08.2021 12:13
552
Марипов Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын ишин тездетүү боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу курулмаларды куруу жана техникалык жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат. Пайдалануудагы жабдуулар эскирген жана талап кылынган техникалык нормаларга дал келбейт.


Министрлер кабинетинин башчысы шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуунун маанилүү экендигин белгиледи.


«Тазалоочу жайлардын абалы – шаардагы олуттуу маселелердин бири. Биосфералык аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн тармактык мамлекеттик органдар жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти тездетүүсү керек. Заманбап тутум түзүү зарыл», – деди Улукбек Марипов жана бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн