Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Элмирбек Иманалиев жаш кетти, - Зайырбек Ажыматов (маркумдун акыркы маеги )

29.04.2020 21:54
5733
Элмирбек Иманалиев жаш кетти, - Зайырбек Ажыматов (маркумдун акыркы маеги )


Белгилүү акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 44 жашында дүйнөдөн кайткан маркум Зайырбек Ажыматовдун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген акыркы маегин сунуштайбыз.


Ал мындан 8 күн мурда чыгармачылыкта, маданият жана поэзия дүйнөсүндө тапкан жакын досу Элмирбек Иманалиевдин каза болгонуна катуу өкүнүп, анын дүйнөдөн эрте кеткенине, дагы да айтылбай калган сөздөрүнө, чыкпай калган обондоруна, жасала турчу иштери али алдыда турганына ичи күйгөн эле. Ошондой эле быйылкы жылы Элмирбек Иманалиев менен биргеликте кош поэзия кечесин өткөрүүнү пландап жатканын белгилеген болчу. Анда ошол маекти сунуштайбыз.

- Элмирбек ага кандай адам эле?

- Чынын айтканда, Элмирбек кийинки төкмөлүк өнөрдү аркалаган муундардын арасында төрт тарабы төп келген талант эле. Үнү, обону, сөзү, акылы, төкмөлүк өнөрү, акыл-көрөңгөсү, интеллектуалдык деңгээли бийик инсан болчу. Кыргыздын салттуу ырчылык өнөрүн алып жүргөн бүгүнкү күндүн анык залкары эле.

- Бул таланттын алдыда кандай пландары бар эле, сизге айтчу эмес беле?

- Быйыл Элмир экөөбүз поэзия кечесин өткөрөлү деп жатканбыз. Илгери айтылуу акын, жазуучулардын өткөргөн кечелери сыяктуу өзгөчө нукта өткөрсөк деген тилекте сценарийин жазып, талкуулап турган учурубуз болчу - кош поэзия кечеси болмок. Себеби дегенде Элмирбектин ырларындагы жалгыздык менде дагы болушу мүмкүн, мендеги тема анда болушу мүмкүн. Айтор үндөшкөн ырларды окуп, кош поэзия кечесин өткөрүү алдында турганбыз.

- Элмирбек байке “Төкмө келсе төр бошот” аттуу теле программасын уюштуруп, жаш акындардын айтышын алып барып жатканын көрчү элек. Ал төкмөлүк өнөрдөн, обон чыгаруудан, деги эле чыгармачылыктан тышкары эмне менен электенчү?

- Ал Ютубдан “Элим” каналын ачып, акын акты, акыйкатты сүйлөш керек деген өзүнүн кайрылууларын, ырларын чыгара баштаган. Муну менен өзүнөн кийинки шакирттерине чакырык салып, калыс болууга үндөчү. Элге дагы жага турчу ырларын, обондорун жарыялап турар эле.


- Элмирбек Иманалиевде төкмөлүк өнөрдөн тышкары кандай сапаттар бар экенин баамдачу элеңиз?

- Элмирбек бардык тарабынан бышып жетилген мезгилинде кетип калды. Жеке эле ырчылык, төкмөлүк өнөр менен гана чектөөгө болбойт. Мыкты саясий элитага чыга турган деңгээлде элдин көйгөйүн көтөрө турган, ошого көзү жеткен мезгил эле. Толуп-ташып турган, парасаты бийик, акылгөй, даанышман, көптү билген, көп ишке көзү жетип калыптанып калган инсан эле.

- Акыркы күндөрү катуу ооруп жүргөнү байкалчу беле, деги эле күтүүсүз өлүмүнө эмне себеп болду?

- Кант диабети менен күрөшүп келе жатканына 10 жыл болгон. Көп түйшүктү, көп кыйынчылыкты ооруга байланыштуу көтөрө билген сабырдуу жан эле да. Өзүн-өзү дарылаганды, ден соолугу жөнүндө да жакшы билчү. Чынын айтканда мен аны бул ооруга жеңилип калат деп эч ойлобоптурмун, эрте өлүмү тууралуу да ойлогон эмесмин, кыйбайт да болчумун.

Адамкерчилик сапаты да абдан жогору эле, күнүгө таңга маал 5:30-6лар чамасында көңүл көтөргөн, жакшы маанай, ийгилик каалаган, элге жакшылык тартуулаган тилектер жазылган билдирүүлөрдү, каалоолорду WhatsApp аркылуу жиберип турар эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн