Парламенттик шайлоого партия менен катышам. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Майраш Базлакуновага берген маегинде айтып берди.
Анын айтымында, "Ынтымак" партиясы атайын партиялык система үчүн түптөлгөн.
"Парламенттик шайлоого катышуу боюнча биздин партия катуу талкууларды жүргүзүп жатат. Негизи "Ынтымак" партиясын түптөөдө биз 3 пайыздык босогону максат кылганбыз. Бирок азыр 5 пайызга көтөрүп койду.
Мында парламентке өтүү үчүн 80 миңден көп добуш алыш керек. Бул болсо абдан оор. Ошондуктан шайлоого партиялар менен биригип блок болуп катышалы деген максаттар да болуп жатат.
Ал эми бир мандаттуу округдан катышсам, мен Бишкек шаарынан катышам",- деди Маматалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн